Опузалап акча талап кылган деген шек менен уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, кечээ, 12-ноябрда, УКМК тарабынан акча алып жаткан жеринен уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү З.Б. жана С.А. аттуу жаран колго түшкөн.

Алар Б.И. аттуу Кыргызстандын жаранына күч колдонуу менен коркутуп, 2 миллион сом талап кылганы аныкталган.

З.Б. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул иш Жазык-процессуалдык кодексинин 203-беренеси («Опузалап талап кылуу») боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here