Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова АКШнын Чикаго шаарындагы мекендештер менен жолукту. Бул тууралуу ал Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Спортчунун айтымында, жолугушуу Чикагодогу Кыргыз маданият борборунда өткөн.»Сиздердин ынтымагыңыздарды көрүп жүрөгүм абдан жылып турат. Күйөрмандарыма, жалпы кыргызстандыктарга өзүмдүн жана командамдын атынан терең ыраазычылык билдирем. Жолугушууда жаштар, балдар көп экен. Кыргызстанга салымын кошкон, келечеги кең жаштардан болушсун демекчимин!» — деп жазган балбан.

Тыныбекова буга чейин АКШда машыгып жаткан сүрөттөрү менен бөлүшкөн. Машыктыруучусу Нурбек Изабеков Айсулуу Америкага эс алганы кеткенин айтып, спорттук жактан табында болуш үчүн ал жактан да машыгып турарын белгилеген.

Айсулуу Тыныбекова — Токио оюндарынын күмүш байге ээси. Ошондой эле быйыл Осло шаарында өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынып, дүйнөнүн эки жолку чемпиону аталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here