Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Кыргыз өлкөсүнө 370 миң доллардан ашык акчаны мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Фергана облусунун эки тургунун кармашты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кармалгандардын бири унаасы менен акчаны алып өтүүгө аракет кылган. Бирок аны коопсуздук бөлүмүнүн өкүлдөрү кармап кетишкен. Кийинчерээк анын шеригин табууга мүмкүн болгон. Учурда аларга карата кылмыш иши козголгон.

Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, накталай акчаны мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар сегиз жылга чейин эркинен ажыратылат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here