Египеттеги Хургададагы AMC Royal мейманканасынан 200гө чукул турист ууланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, AMC Royal мейманканасында массалык уулануу 30-октябрда болгон. Эртеси Египеттин туризм палаталары федерациясы Хургадада уулангандардын саны 40ка жеткенин билдирген. Египеттин туризм министринин жардамчысы Абдел Фаттах аль-Асы өз кезегинде AMC Royal мейманканасы белгисиз мөөнөткө жабылганын билдирди.

«Бул чара мейманкана бардык талап кылынган аткаруу критерийлерине жооп бергенге чейин уланат. Мындан тышкары, көзөмөл органынын кызматкерлери тарабынан текшерүү протоколун даярдоо үчүн мейманкананын ашканасынан жана муздаткычтарынан тамак-аш жана суусундуктарү алынды. Туристтердин биринин айтымында, мейманканада санитардык жактан көйгөйлөр болгон. Тактап айтканда, ашканадагы идиштер кир болчу. Учурда жабырлануучулардын абалы канааттандырарлык«, — деп айтылат маалыматта.
www.super.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here