Бишкекте эл ташыган автобус Чыңгыз Айтматов проспектинде бакты сүзүп кетти.

Патрулдук милициянын маалыматына караганда, автобус Киргизия-1 конушу жактан түштүктү көздөй баратып, айдоочу рулду башкара албай калгандыктан бакты сүзгөн.

Алдын ала маалымат боюнча, 9-10 адам жабыркады. Милиция жол кырсыктын чоо-жайын иликтеп, автобустун алдынан автоунаа чыгып калышы мүмкүндүгүн билдирди.

Жеринде Тез жардам кызматы иштеп жатат.

Бишкекте эл ташыган автобус бакты сүзгөн

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here