Балдар – бул келечек, элибиздин эртеңи! Ар бир бала жарык дүйнөгө келегенде Жараткандан анын бешенесине ырыскы-насип, бак-таалай менен кошо эле бул дүйнөдөгү анын миссиясы жазылат эмеспи. Мына ошол ырыскыны теппей, бак-таалайды көтөрө билип, моюнундагы миссиясын сезип, аткаруу анын төрөлгөндөн баштап алган тарбиясынан толук көз каранды. Баланын эртеңи анын ата-энесинин ага карата мамилесине, жоопкерчилигине байланыштуу экенин өз жашообуздан көрүп келе жатабыз го. Өзүбүздүн гана эмес, өлкөнүн да келечеги боло турган перзентибиздин кай жерде жашайт, кимдер менен жашайт, кай жерде окуйт деген маселеде, ата-энелер, биздин чыгарган чечимдер чоң роль ойнойт эмеспи. Мына ушулар менен катар  бала кайсы тилде сүйлөөрүн да өзү чечпейт, мүмкүн, ал чоңойгондо өзү сүйлөгөн тилден башка тилди үйрөнүшү толук ыктымал. Бирок тили чыккандан баштап өспүрүм куракка чейин сүйлөгөн тили анын негизги билген тили катары калыптанып калат.

         Ар бир улутту улут катары таанытып турган анын тили экенин баарыбыз билип турсак да, кээ бирөөбүз эмнегедир кайдыгер карайбыз. Жаманды коногу бийлейт болуп, биздин өлкөгө келген чет элдиктердин тилин үйрөнүүнү модага айлантып, орсок уй саап калганыбызга бир топ мезгил өтсө да, убакыттын өтүшү менен балдарын кыргыздын улуттук баалуулуктарына сугарып чоңойтуп келе жаткан үй-бүлөлөр жүрөк жылытат.

         Жашоодон алып карасак, кыргыздын чыгаан, тың чыкма уулдары эмнегедир башка улуттун кыздарына үйлөнүп калган учурлар көп. Кайсы улут болбосун, жакшы адамга жолугуп арзышып жүрүп, түтүн булаткандарга эч ким каршы деле эмес деңизчи, бирок кызыгы, ошол кыргыздын чыгаан уулдарынын урпактары эне тилинде сүйлөп жатат, ал эми кыргыз кыздар башка улутка турмушка чыкса, алардын балдары эне тилинде эмес, “ата тилинде” сүйлөп жатат да… жок дегенде эки тилди бирдей үйрөнсө болор беле?.. Бул деген биздин тилдин татаалдыгыбы же кыргыз тили ушунчалык эле кызыксыз дегендикпи? Албетте Жок!!! Кыргыз тилиндей кылым карыткан байыркы, көркөм, бай, өнүккөн тилдер саналуу гана экени талашсыз. Кыргыз тилин өнүктүрүү керек деген орунсуз сөздү уккан сайын ичимден кыжаалат боло берем, тилибиз өнүгүүгө муктаж эмес, элибиздин тил билүүсүн өнүктүрүү керек.

Чет өлкөлүктөр менен үйлөнүп, кыргыз тилинде сүйлөшпөй калгандарды бери кой, ата-теги да, өмүрлүк жары да кыпкыргыз болуп туруп, тилин буруп сүйлөгөндөргө айранмын. Жаңы төрөлгөн балдарына ата-теги сүйлөбөгөн тилди таңуулагысы келет. Айрымдар тили чыга элек балага “нельзя, пойдем,  зачем” сыяктуу сөздөр менен кайрылса, эркелеткендегиси болсо “ты моя сладкая, солнышка моя” ж.б. Булар өмүрүндө “жыпарым, жыттуум, шириним, айым, күнүм” сыяктуу эркелеткен сөздөрдү уккан эмеспи деп да кетесиң… же “кыргыз көпсө орусча сүйлөйт” деп ушулар тууралуу айтты бекен?.. Мектепте окутабы, мамлекеттик деңгээлде тил саясатынын жайылтууга чаралар көрүлөбү, эгерде үйдөн энеси кыргыз тилинде сүйлөбөсө, бала эч качан кыргыз тилин өздөштүрө албайт. Эне кайсы тилде сүйлөсө, бала эрксизден ошол тилде сүйлөйт, демек, баланын кайсы тилде сүйлөөрүн эне чечет. Деги эле баланын кайсы тилде сүйлөгөнүн эле эмес, жашоодо кандай инсан болуп чыгары да энеге байланыштуу экенин моюнга алуу керек. Энеси жиндинин баары жинди деген макал тегин жерден айтылбаган да. Жакшы үрөн жаман жерге түшсө, Кудай жалгап эле, бирөө жарымы дандуу болуп калбаса, көбү куурап жоголот эмеспи, анын сыңарындай, атасы сырттан болсо да, эненин ой жүгүртүүсү, аң-сезими, дүйнө таанымы көр тириликтин деңээлинен өйдөлөй албай турса, көпчүлүк учурда ошол эле деңгээлдеги бала төрөлүп-өсүп чыгары бышык. Ошол эле учурда дүйнөлүк деңгээлде ой жүгүртүп, башка тилдерде суудай сүйлөп, эл аралык маселелерди кадимкидей жөнгө салууга чама-чаркы жеткен тың чыкмалардын арасында кыргыз тилин карапайым калкка гана тиешелүүдөй көргөндөр кездешет. Балдарына бешиктен бели чыга электе эле башка тилди үйрөтүп, чет өлкөлүктөрдүн маданиятына сугарып келаткан боордошторубуз да бар. Баласына башка тилди үйрөтүүсүнө каршы деле эмесмин, болгону кыргыздын тукумун кыргыз катары сактап калуу үчүн өз тилин жерибей эле коюшса…Кыргыз тил менен каякка бара алмак элек, келечегиңди ойлосоң чет тилдерин үйрөн дегендер да четтен чыгып турган кезде минтип ойлоно берем. Анда бирөөбүз, маселен, кытай тилин үйрөнүп, кээ бирибиз немис тилин үйрөнүп, дагы башкабыз англис тилинде гана сайрап ийгиликке жете берели. Убакыт өтүп итибиз чөп жеп турганда, ошол эл аралык деңгээлде сүйлөшө келген бирөө улутуң ким?  Тилиңерге кызыгып калдым, үйрөтчү десе, эне тилде “а” дей албай сакоо сымал чулдурап турганда өкүнгөнүбүз  кеч болуп калбас бекен?.. Канткен күндө да кеткен жерден, өзүбүз укмуш жетишкендик деп эсептеген жерге жеткен жерден “үйүбүзгө” кайтар күн бар да, чынбы?.. Илгертен бери ата-тегин билген, улуттук баалуулуктарга астейдил көңүл бурган адамдарды тектүү жерден чыгыптыр деп ызаат көрсөтүшчү. Анан туруп эле биз балдарыбызды ушундай касиеттүү кыргызымдын нарк-насили, көөнөрбөс булактары менен кошо тилин унуткарууга неге маш болдук дейм да?.. Колдон келсе азыр баланын тили жаңы чыга баштаганда эле кыргыз тилин үйрөтүп калууга тырышуу зарыл. Илим менен техниканын өнүккөн заманында жашап жатпайбызбы деп эле балдарыбызды улуттук мурастардан куру жалак калтыруунун эч зарылчылыгы жок. Балдарыбызды чет өлкөгө окууга жөнөтөбүзбү же иштеп келүүгө жөнөтөбүзбү, ааламдын чоң агымына жайдак аттай кошуп жиберсек анан биз эмес ата-бабабыз угуп-көрбөгөн, бизге өөн, такыр эле жат маданият менен үрп-адатын токунуп кирип келсе, ана ошондо кылычыбызды “ташка” чаап калбагай элек. Ансыз деле улууну улуу дебей, ооздукталбаган аттай болгон башкача муун өсүп келе жатат деп эле наалый беребиз, буларды өз колубуз менен уядан учуруп жатып, кайра өзүбүздүн таң калганыбызга жол болсун дейм да… Андан көрө жер шаарынын аркы бурчуна алып барып салса да, улутубуздун жүзү боло турган чыгаан инсандарды тарбиялап чыгууну көңүл борборуна коюуну көздөсөк. Айрыкча энелер үчүн эл уулу болчу эр азаматтар менен кыйын кыздарды тарбиялоо деген жоопкерчиликтүү вазийпаны аткаруу сыймык жана атуулдук милдет болушу керек! Анткени жаңы төрөлгөн ымыркайда кайсы тилде сүйлөп кандай маданиятты канына сиңирүүгө тандоо болбойт. Анткени бешиктен бели чыга электе эле ал адамдын кайсы тилде сүйлөөрүн эне чечет. Алгачкы бешик ыры менен түндүн сыйкырын арттырган эненин жомогу өз тилинде болсо, ошол тил баланын көкүрөгүнө кыттай уюп, пайдубал болуп бекемделери айдан ачык.

                                                                                                                  Гүлзина Мыйзанбекова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here