Жалал-Абад облусунун Сузак райондук Ички иштер бөлүмү Барпы айылындагы үй-бүлөгө атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев ачкычын тапшырган үй жеке ишкер тарабынан курулганын билдирди.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, жеке ишкер Абдимиталип Мамытов жана айыл тургундары муктаж болгон Муратовдордун үй-бүлөсүнө төрт бөлмөлүү үй куруп беришкен. Камчыбек Ташиев ошол учурда айылда болгондуктан үйдүн ачкычын тапшырууну суранып кайрылышкан.

Буга чейин социалдык тармакка Камчыбек Ташиев Барпы айылынын тургунуна үйдүн ачкычын тапшырып жаткан видео-тасма тараган.

Пери Орозбекова аттуу «Фейсбук» колдонуучу Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шайырбек Ташиев №14 Сузак округунан парламенттик шайлоого талапкер болуп бара жатканын, шайлоо өнөктүгү маалында талапкердин жакын туугандары кайрымдуулук иши менен алектенүүсүнө мыйзам тыюу саларын билдирип чыккан. Борбордук шайлоо комиссиясы аталган билдирүүнү текшерүү үчүн Ички иштер министрлигине жөнөткөн.

Сузак РИИБи аталган фактыны текшерүү учурунда мыйзамды бузган аракеттер тастыкталбаганын билдирет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here