Баткен облусунун Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов кызматынан четтетилгенин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Жапаровдун айтымында, шайлоо маселесинде кайсыл бир талапкерге же партияга жан тарткан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө катуу жаза каралат. Лейлек районунун акими кызматынан четтетилип, Исфана шаар мэрине сөгүш берилди. “Президенттин шайлоону таза өткөрүү демилгесин ишке ашыруу багытында кайсыл бир бийлик өкүлү шайлоого аралашканы, добуш сатып алгандар же добуш сатканын далилдер менен кармаган укук коргоо кызматкерлерине сый акы да уюштуруп жатабыз”,- деди Акылбек Жапаров.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here