23-октябрда саат 11:00 чамасында Сургут—Когалым жолунда Ямало-Ненец автономдук округунун чек арасына жакын аймакта токмоктук жубайлар — Артем Ангеловский менен Карина Ангеловская кырсыкка кабылып, көз жумушту. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына алардын жакындары билдиришти.

Артемдун эжеси Оксана Заводскаянын айтымында, Артем 1999-жылы 31-августта төрөлсө, келинчеги Карина 2002-жылы 20-декабрда төрөлгөн. Жаш жубайлардын баш кошконуна 3-4 ай гана болгон.

«Иним менен келинимдин баш кошконуна 3-4 ай гана болгон. Россиянын Сургут шаарына алгач иним иштегени кеткен. Андан соӊ 2 жума мурун эле артынан Карина кеткен. Ал алгач Москвага барып, 2 жума байкесиникинде болуп, ошол каргаша болгон күнү Сургутка учак менен барган. Иним келинчегин аэропорттон тосуп алып, кайра алып келе жаткан жолдо каза болушту.

Негизи кырсыкка жолдун тайгактыгы себеп болуптур. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу да, иним дагы бири-биринен качууга аракет кылышкан. Бирок болбой эле бет маӊдай кагышкан.

Иним Сургут шаарында «Хендай» үлгүсүндөгү унааны ижарага алып, иштеп жаткан болчу. Жубайы экөө теӊ Токмок шаарында өсүп, билим алышкан. Акча каражаттын жоктугунан алардын сөөгүн алып келе албай жаттык. Эми мамлекеттин жардамы менен сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүштү», — деди ал.

Россиянын Ички иштер министрлигинин Сургут облусу боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кырсыктын кесепетинен 3 киши каза болду.

«Алдын ала маалыматтар боюнча «Хендай» үлгүсүндөгү унаанын 22 жаштагы айдоочусу Сургут шаарынан Ноябрскти көздөй бара жатып, каршы тилкеге ​​чыгып кеткен. Андан кийин жеңил унаа жүк ташуучу «Мерседес» унаасынын астына кирген. Чет элдик унаанын айдоочусу, ошондой эле анын эки жүргүнчүсү (36 жаштагы адам жана 19 жаштагы кыз) кырсык болгон жерде каза болушкан. Унаанын ичиндеги 19 жаштагы жигит ооруканага жаткырылган», — деп айтылган маалыматта.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here