Блогер Гүлзат Мамытбек кармалды.

Бул маалыматты Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Расмий маалымат боюнча, Гүлзат Мамытбектин үстүнөн арызданган 7 жаран укук коргоо органдарына кайрылган. Алардын айтымында, Г.Мамытбек кыска убакытта үстүнө чоң сумма кошулат деп акча алып, ошол бойдон жашырынып кеткен. Чыгымдын жалпы суммасы — 110 миң доллар. Бул факт Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен катталган.

Шектүү болгон Гүлзат Мамытбек 2020-жылдын февралында Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. 8-июнда анын сыртынан алдамчылыкка шектелип жатканы тууралуу билдирүү берилген. Ал эми 13-июлда камакка алуу тууралуу сыртынан чечим чыгарылган.

Ага 2020-жылдын 8-августунда издөө жарыяланган. Кечээ, 25-октябрда шектүү Кыргызстанга келди. Аны Биринчи май РИИБдин кызматкерлери кармап, милиция пунктуна жеткирилген. Убактылуу Бишкек ШИИБдин абагына камакка алынганы белгилүү болду.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here