Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №16 абак жайына тыюу салынган заттарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, соттолгондордун бирине алып келинген баштыкты текшерүүгө алышкан. Анда эки кап ундун ичине салынган желим банканын ичинен 600 грамм гашиш баңги заты табылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here