Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы Түштүк шосседе мигранттар катышкан массалык мушташ болду. Бул маалыматты жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары күч түзүмдөрүндөгү булактарына шилтеме берүү менен билдиришти.

Окуя 24-октябрда саат 09:00 чамасында көп кабаттуу үйдүн жанында болгон. Полиция кызматкерлери бул мушташка байланыштуу Кыргызстандын 3 жаранын кармаган. Алар мурда сот жообуна тартылганы, 19-25 жана 31 жаштагы жарандар экени белгилүү болду.

Окуянын чоо-жайын укук коргоо органдары тактап жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here