Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин Сузак районунун Барпы айылындагы үй-бүлөгө үй белек кылганын текшерүүнү Ички иштер министрлигине жөнөттү. Бул тууралуу боршайкомдун расмий сайты жарыялады.

Пери Орозбекова аттуу «Фейсбук» колдонуучу №14 Сузак округунан парламенттик шайлоого ат салышып жаткан Шайырбек Ташиевдин агасы, атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев Барпы айылындагы үй-бүлөгө үй белек кылганын жазган. Орозбекова Конституциялык мыйзамга таянып, талапкердин жакын туугандары шайлоо дайындалган күндөн тартып, шайлоо жыйынтыгы жарыяланганга чейин кайрымдуулук иш-чарасы менен алектенбеш керек деп белгилеген. Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы маалыматка ылайык, ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топко 15 арыз келип түштү. Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан келет.

Арыздарды карап, документтерди текшерүү жана талапкерлерди каттоо 29-октябрга чейин аяктайт. 29-октябрда үгүт иштери башталат. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here