Баткен районунун Бужум айылында киши колдуу болгон адамды өлтүрүүгө шектелгендер анын жубайынын бир туугандары. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдирди.

Баткенде буга чейин изделип жаткан 33 жаштагы кишинин сөөгү өз үйүнүн ажатканасынан табылганы маалым болду. Маркумдун эжеси милицияга кайрылып, иниси 17-октябрь күнү кечки саат 22:30дар чамасында өз үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген. Кийинчерээк анын сөөгү өз үйүнүн ажатканасынан табылып, куткаруучулар сөөктү ИИМге өткөрүп беришкен. Милиция кылмышка шектүү деген Бужум айылынын 31 жаштагы тургуну менен анын инисин кармашкан. Алдына ала маалыматтар боюнча, эркек менен жубайынын ортосунда чыр чыккан. Кылмышка шектелип кармалган эки киши маркумдун жубайынын бир туугандары. Алар эжесинин жолдошун өлтүрүүгө шектелүүдө. Кармалгандар маркумдун сөөгүн бир нече бөлүккө бөлүп салышкан. Сөөктүн бөлүктөрү ар кайсы жерден, бир бөлүгү дааратканадан табылганы ачыкталды. Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here