Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко Россиянын каржылоосу менен Кыргызстанда салынчу тогуз мектептин курулушунун документтери иштелип жатканын айтты.

Ал орус тилдүү мектеп директорлорунун форумуна катышкан.

«Өзүңүздөр билгендей, азыркы тапта Россиянын каржылоосу менен Кыргызстанга салына турчу мектептердин курулушунун документтери иштелип жатат. Билим берүү мекемелери Ош, Каракол жана Чүй облусуна курулат», — деген Удовиченко.

Элчи эки мамлекеттин билим берүү жаатында кызматташуусунун дагы бир маанилүү элементи Россиянын жогорку окуу жайларында кадрларды даярдоо болуп эсептелерин айтып, Кыргызстанда коомчулук орус тилин билүүгө кызыгарын белгилеген. Ал мындай форум Кыргызстанда эле эмес, бардык КМШ өлкөлөрүндө өткөрүлүп жатканын кошумчалады.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here