Өзгөн райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Артур Жусуев электр энергиясы үчүн 73 миң 12 сом 36 тыйын карыз экени көрсөтүлгөн дүмүрчөк социалдык тармакка тарап, кызуу талкууга туштү.

Дүмүрчөктө Артур Жусуевдин 24-августка карата электр энергиясына болгон карызы тууму менен кошо 120 миң 507 сом 85 тыйын экени, анын 50 миң сому төлөнгөнү көрсөтүлгөн. Ал эми 15-октябрга карата 73 миң 12 сом 36 тыйын карыз боюнча дүмүрчөк келген.

Артур Жусуев аталган дүмүрчөк ага таандык экенин тастыктап, бирок ал эски экенин айтты. Анын айтымында, ай сайын электр энергиясына акы төлөп жүргөн.

«Эми ал эски дүмүрчөк экен. Мен ай сайын эле төлөйм. Дүмүрчөктө турбайбы, 50 миң сом төлөнгөн деп. Үйдө станок колдонгом. 73 миң сом дегени төлөнгөн. Бир айда станок колдонгонум үчүн ошончо электр энергиясы иштетилиптир. Менин үйүм жаңы чекте. Коңшум үй салып жатат. Ошондуктан станок колдонгон элек. Меники, коңшум экөөбүздүкү кошулуп, ошончо электр энергиясы иштетилип кетти», — деди Жусуев.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here