Кыргызстандык балбан Талант Бегалиев ардагерлер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду.

Турнир кечээ, 19-октябрда Лутраки шаарында (Греция) башталды.

Талант Бегалиев эркин күрөш боюнча турнирге 70 кг салмакта катышты. Кыргыз балбаны Россия, Италия, Литванын спортчуларын катары менен утуп, финалга чыкты.

Чечүүчү кармашта Бегалиев америкалык спортчу менен жолугуп, аны мөөнөтүнөн мурда 11:0 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону болду.

https://www.instagram.com/tv/CVPQE_2L63O/?utm_medium=copy_link

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here