Жогорку Кеңештин бүгүн, 20-октябрдагы жыйынында Бишкектеги Ленин райондук сотунун судьясы Аида Сейдакматова эмгек акысы тууралуу айтты. Анын маалыматы боюнча, эмгек акынын көлөмү квалификациялык чин жана эмгек стажы менен байланыштуу болот.

«Менин стажым, соттун төрайымы болгонум, жашыруун материалдарды билгеним эске алынып, учурда 80 миң сом алам. Мен сыяктуу стажы бар айрым судьялар 30 миң сом алат. Баарынын эмгек акысы бирдей эмес», — деди судья.

Аида Сейдакматова бүгүн, 20-октябрда Жогорку соттун судьясы болуп шайланган 3 судьянын бири.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here