Орусиянын президенти Владимир Путин Ооганстандын түндүгүндө «Ислам мамлекети» террордук тобунун эки миңдей жоочусу топтолуп жатканын билдирди.

Анткен менен «Талибан» өкмөтү муну жокко чыгарып, жаңы ооган бийлигин таануу кечеңдеп жатканы — Ооганстандагы террорчул топторго шыкак бергенин жарыялады.

Жолугушуу алдындагы чукул билдирүү

Өткөн жуманын соңунда КМШнын атайын кызматтарынын башчылары менен видео жолугушууда Орусиянын президенти Владимир Путин Ооганстандагы курч кырдаал Борбор Азияга жана Орусиянын өзүнө да таасир этиши мүмкүн экенин айтты.

Путин Борбор Азия менен чектешкен Ооганстандын түндүгүндө жоочулар топтолгону тууралуу маалыматтар бар экенин билдирди.

«Биздин маалыматтар боюнча Ооганстандын түндүгүндө «Ислам мамлекети» террордук уюмунун эле мүчөлөрү эки миңге чукул. Анын лидерлери Борбор Азия өлкөлөрүнө жана Орусиянын аймактарына таасир этүүнү көздөйт. Алар диний жек көрүүнү күчөтүп, диний-этникалык негиздеги чыр-чатактарды курчутууга багытталган. Террорчулар КМШнын аймагына кирип, жайгашууга умтулуп, айрыкча качкындар кейпинде кирүүгө аракеттенет. Талибдер түзгөн өткөөл өкмөт, тилекке каршы, ооган коомунун бардык катмарын чагылдырбайт», — деди Путин.

Бирок «Талибан» өкмөтү Ооганстандын түндүгүндө «Ислам мамлекети» террордук тобунун бөлүктөрү жайгашканы тууралуу Москванын маалыматын жокко чыгарды. Анткен менен «Талибан» өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки эл аралык коомчулуктун жаңы бийликти тааныбай жатканы кырдаалды курчутуп жатат деп айтты.

Булак:азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here