Аламүдүн-1 кичи районунун аймагында ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин маалымат кызматы кабарлады.

Баштыктын ичинен баланын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат милицияга 17-октябрда күндүз түшкөн.

Милиция Жазык кодексинин 150-беренеси («Коркунучта калтыруу») боюнча кылмыш ишин козгоп, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Экспертиза дайындалып, ымыркайдын энеси изделип жатканы кошумчаланды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here