15-октябрь күнү түнкү саат 22:55 чамасында Талас районунун Кара-Ой айылындагы унаа кырсыктан 7 эркек, 1 аял каза болду. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. Маалыматка караганда, кырсык Суусамыр—Талас—Тараз унаа жолунун 61-чакырымында болгон. Аталган тилкеде «Хонда Степвагон» унаасы менен менен оор жүк ташуучу «ДАФ» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Анын кесепетинен 7 эркек, 1 аял каза болду. Учурда аты-жөндөрү такталууда. Кырсык болгон жерге 4 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here