Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 1996-жылы туулган жаран 15 жаштагы өспүрүм кызды зордуктоого шектелип, бир айга камакка алынганын билдирди.

Ош ШИИБдин маалыматында, кылмышка шектүү киши кызга бычак такап коркутуп зордуктаган.

«Шектүү 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү саат 01:00 чамасында шаардагы түнкү эс алуу жайларынын биринде жабырлануучу менен таанышкан. Андан соң кызды «Анар» кичи районундагы үйлөрдүн бирине түнкү саат 03:00 чамасында өз автоунаасы менен алып барып, кыздын эркине каршы, күч колдонуп зордуктап койгон», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө. Атайын экспертиза окуучунун зордукталганын, ага чейин жыныстык катнашта болбогонун ырастаган. Шектүүнүн мурда Ош облустук ички иштер башкармалыгында иштеп кеткени аныкталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here