Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова 16-октябрда 84 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Майрамкан Абылкасымова 1936-жылы 7-ноябрда Кемин районундагы Алмалуу айылында төрөлгөн.

Акындын алгачкы ырлары 1952-жылдан тартып жарык көрө баштаган. Чыгармалары орус, украин, казак, монгол, немис, поляк, француз тилдерине которулган.

Абылкасымовага «Эл акыны» наамы 1980-жылы берилген. Бир катар мамлекеттик сыйлыктарды, анын ичинде «Токтогул» атындагы мамлекеттик сыйлыкты, III даражадагы «Манас» орденин алган.

1962-ж. чейин Ош шаарындагы облустук «Ленин жолу» гезитинде жана Ош педагогика институтунда иштеген. «АлаТоо» журналында адабий кызматкер, «Поэзия» бөлүмүнүн башчысы (1960-91), «Аялзат» гезитинде Башкы редактор, Кыргызстан ЖСнун Ысык-Көл облусу боюнча адабий консультанты болгон. 1995-жылдан «Курманжан датка» фондунун төрагасынын кеңешчиси. Алгачкы ырлары 1952-жылдан тартып жарык көргөн. 1961-ж. «Кичинекей досторго» аттуу туңгуч ырлар жыйнагы чыккан. «Чолпон» (1962), «Эстелик сүйлөйт», «Быйыл жаздын гүлдөрү көп» (1965) жыйнактарына салттуу ыр түзүлүшүндөгү ырлар менен катар ритмикалык жаңы өлчөмдөгү, эркин ыр формасындагы чыгармалары кирген.

«Ишеним дайым жүрөктө» (1968) жыйнагындагы лирикалык ырлардын көпчүлүгү турмушка, өмүргө, сүйүүгө, адамдардын ортосундагы мамилелерге арналган. Жаратылыш, Ата Журт акындын бүткүл чыгармачылыгындагы бүтпөс тема. Жалпы эле экология проблемасы «Гүлдөр суу сурайт» аттуу жыйнагында курч коюлган. Мында жазды сагынуу, күтүү, кумарлануу сезимдерине, табияттын пейзаждык боёкторуна арналган саптар арбын. Чыгармачылыгында улуттук поэзиянын салттуу уйкаштыктагы ырларына караганда ак ыр, эркин ыр формасында жазылган ырлар басымдуу. «Тандалган чыгармалары» «Ата журт» (1973) ыр жыйнагы чыккан. Анын ырлары орус, украин, казак, монгол, немец, поляк, француз тилдерине которулган. «Атаке Баатыр» драмасы Кыргыз мамлекеттик академия драма театрында коюлган (2004). Абылкасымова кыргыз поэзиясына кошкон чоң салымы үчүн «Ардак Белгиси» (1986), III даражадагы «Манас» ордендери менен сыйланган (2005).

КӨРДҮҢӨРБҮ

Нугун бузуп кеткен экен таш кулап,
Көрдүңөрбү ушул жерден ак булак.
Орду толбос дүнүйөдөй көрүнүп,
Томурайып камышы жок саз турат.

Булут токтоп, туман токтоп кетчү эле,
Алар дагы келбей калган көрүнөт.
Ак кайыңды жыгышыптыр текчеге,
Жакшылыктан жамандыктар көбүрөөк.

Кайсыл элде жүдөө күтсө зайыпты,
Энелери элечегин тарталбай.
Ошол элдин уулуна кой айыпты,
Бул да кырсык бирге жүргөн байкалбай.

ДАЙЫМ

Сени дайым аман көрөм дечүмүн,
Баягыдай желбиреген жоолукчан.
Оңу келбей отурабы сөзүмүн,
Абалыбыз бирбей окшойт оорукчан.

Жаз кечикпей келет деген үмүт бар,
Учурашам эң биринчи тал менен.
Көкүрөктө анча-мынча бүлүк бар,
Басыш үчүн, аны намыс ар менен.

ҮШҮК

(Ыр түрмөгү)

Үшүк урду жеримди да, элимди,
Жүзүмдөрүм өлүп калды ылаңдап.
Үшүк менен мен да бастым демимди,
Эми кимге кубанамын ыр арнап.

Көзүңдү да көрбөй калдым байчечек,
Сени дагы бара- бара унутам.
Быйыл дагы кымбат болот жай дешет,
Быйыл анча кубандырбайт буурул таң.
* * *

Байчечекей үшүп калган болуу керек,
Капыстан шыбыргакка кабылганда
Кырсыкты жан жаныбар чогуу көрөт,
Жамандык жан жагынан жабылганда

I

Суук урду үлпүлдөгөн жалбыракты,
Кыроолор ээлеп алды тал, булакты.
Бирине-бирин каршы коё албаймын,
Мыкты деп айталбаймын кай куракты.

II

Ооду оомат, жаштык кетти кайрылбай,
Булбул үнү түшкө чындап кирбеген.
Жалгыз башты батыра албай жайла-жай,
Күңгүрөндүм туман түшкөн түн менен.

Эчки талдай өзөн боюн каптаган,
Кызыл гүлдөр анда өңдөн азбаган.
Өр талааны жайпап күчтүү ташкындап,
Арыгыма кана, суулар батпаган?

Дагы жаан каптап келет күндүн артын,
Май айы жылуулукка оронбоду.
Өзгөртүп салышканбы жаздын салтын,
Өспөдү жылга, кырдын согондору.

Кайың, тал көздүн жоосун ороп өтчү,
Уялап чөп түбүндө коён өсчү.
Чиесин, ит мурунун элжиретип,
Күзүндө, күздүн оту боёп өтчү.

Амансыңбы, сары гүлүм, көк гүлүм,
Сен төгүлүп жаткан кезиң жакшына
Чындыгында айтсам сөздүн ачыгын,
Туш болбогондой болуп кетем бактыма

* * *

Дары чачып, кең талаама ким койду.
Көрөбүз го курт жегенди ушундан.
Ичиркентип суук көрүнөт түн койну,
Чочунткан үн колдон кушум учурган.

* * *

Кайкып учкан жылкычыны бир көрдүм,
Ошо бойдон билинбеди кабары.
Көркү кетпейт көз алдыман гүл белдин,
Көптөн бери оюн салбай жел аргы.

* * *

Амансыңбы, өтөп өмүр карызымды,
Мен келатам
өзүң жакка бел байлап.
Дене-башым
сар-санаага жанчылды,
Үмүт, азап
бул тарапка келди айдап.
Бой саласың
боз плащчан камышым,
Көрчү сага
келчү жолдун алысын.
Кышы менен
ооруп жүрдүм саргайып,
Кулагыма жетпей
сенин дабышың.

Жаз кечигет артын карап кылчактап,
Жаркын досум сенин жапжаш элесиң.
Көзүң муңдуу терең турат сыр сактап,
Аштык бекен бир өмүрдүн белесин.

Дарак кыйып, агызгандай өмүрдү,
Дарыялар чаңдак кумга басылды.
Издеп таппай, досторум ай, көбүңдү,
Муңга батып оорутамын башымды.

Соолугандай булактары тоолордун,
Сорулгандай мөңгүлөрдүн тамчысы.
Кемигендей керемети зоолордун,
Кедеринен түштү өмүрдүн жартысы.

* * *

Өрдөп келем, кургак, такыр жерлерди,
Кайда кеткен бадалы деп шек санап.
Анда булак мен мында деп жиберди,
Суусуз өрөөн сумсайыңкы сести алат.

* * *

Көк бөрүгө алгансып барат турмуш,
Кээ бир күндүн өңү жок карап тургуз.
Көңүлчөөктүк күндөрүм кайда кеткен,
Көңүлдөшкө көз артпай жадап турбуз.

* * *

Шумдук ай, бир нерсеге таң каламын,
Өзгөрбөйт буурул тарткан таң карагым.
Бир гана мен тааныган кээ бир адам,
Таанылтпай боёп алган чамгарагын.

* * *

Камыштар жапырылып сынган белем,
Шыраалжын сеңселе албай жыгылышкан.
Көк гүлдөр жабалактап тозуучу эле,
Көк көйнөк кийген кыздай бурулуштан.

* * *

Кайыңдын саамай чачы кыркылганбы,
Кабыгы түтөп кеткен жыртылганбы.
Көңүлдү үшүтпөсө жылыта албайт,
Көңүл кош, көйкөлбөстөн бул турганы.

Ашыгып апта сайын издеп келем,
Ай жаркын жүзүң менен тосчу кана
Сен гана сезимиңди кирдетпесең,
Тарытып кең дүйнөмдү тосту калаа.

* * *

Тоодо кар да, тоо этеги жаз күтөт,
Арык ичин ээлеп алган таш бүтөп.
Жалгыз аяк жолдор ооп кеткенсийт,
Бала чактан өскөн элем бак күсөп.

Кайда менин шыраалжыным, бадалым,
Булактагы камышымды оруппу?
Алда менин кырсык чалган кадамым,
Кош кайыңым буту сынып жолукту.

* * *

Тоо, талаага толуп кетти таз жору,
Бүлүк салып жатпаса экен кас колу.
Эрдин эри, мыктылардын мыктысы,
Бир азабым, десин элге баш болуу.

* * *

Мунун баары эске келбейт жаш чакта,
Заман заңын, мезгил үнүн угалы.
Биз өмүрдүн дабандарын ашсак да,
Кимге тиет жаш балдардын убалы.

* * *

Кимдер жарайт, кимдер ага жарабайт,
Журтун жыйнап тура турчу намыска.
Өзүмчүлдөр алдын алып каралайт,
Даяр турат элин кырып салышка.

Жаныш, Байыш, Курманбектер аз чыгар,
Чолпонбайлар, Дүйшөнкулдар өспөдү.
Көп жигиттер эл мүдөөсүн унутуп,
Мансап, арды тартып жүрөт көк бөрү.

* * *

Күн-түн кээде бирикчүдөй көрүнүп,
Деңиз ташып аласалып көбүрүп.
Тоо силкинип чочулатып кээ бирде,
Жер огунан кетүүчүдөй бөлүнүп.

Ажырадым жаштык кезден кечээги,
Бош күндөрүм зор түйшүккө айланган.
Оорубаган баш ооруну сезеби,
Менин жашоом заманама байланган.

КУРМАНЖАН ДАТКАНЫН АРМАНЫ

Эл дегеним, элим кана күйгөнү?
Жер дегеним, жерге курган түрмөнү.
Тунук таза кабыл алдым эле го,
Жексур ушул, желмаяндай дүйнөнү.

Аппак десем, кара экенсиң жапырак,
Кайран дөөлөт кабык болуп чачылат.
Ат чабышта байге алган тулпарым,
Казыгында ээсиз калды азынан.

Жашыл десем, тикен экен көктөмүм,
Өксүз мезгил ак өргөмдү өрттөтдүң.
Көк жал бөрү жеригендей карысын,
Сай сөөгүмө өттү турмуш, өктөмүн.

Жетилсин деп, жетеледим бөбөктү,
Тайтайладым, тамтуң жүрүп бастың да.
Кайран датка ушу күндү көрөтпү,
Шар элең го, хандык барда астыңда.

Кырсык басты, кылым жылып келбеген,
Кыйласынан кымбат кыргыз эл деген,-
Эмес беле, кутуң кетти журтум ай,
Жоокер элең, жоого намыс бербеген.

Жер карайсың жетимсиреп желкемден:
«Мен куруюн, ажырадым эркемден.
Карыганда кабыргамды сындырбай,
Бирөөң аман калалбадың го төртөөңдөн».

Колдон тартып кое албаган элбизби?
Кантип чыдап көтөрүүдө жер бизди.
Өмүр өтүп аркасында из калбай,
Өчүрөбү каптагандай сел бизди.

Ичкен суумду ылайлаган сыяктуу,
Ташыркаттык ташка салып туякты.
Не кылайын, туткун болгон балдарым,
Сактагыла намыс, арды, уятты.

Ата-бабаң, жети атаң жердеген,
Кана дүйнө, тутка болуп бергени?
Уу дегенде, дуу кетет  да эл деген,
Кана сага, соогат сурап келгени.

Күнүң бүтсө, алыс болуп турасың,
Орман хандын куну калган алынбай
А Шабдандын дайнын элден угасың,
Өмүр жолу өкүт болгон кайрылбай.

Алты уул күтүп кенен Чүйдү ээлеген,
Атаке да арман кылган экен дейт.
Ошол арман, ошол күйүт, муң санаа,
Келечекти, эртеңкини бекемдейт.

Кайрат керек ар нерсеге балдарым,
Капсалаңга кабылганга кантели.
Өздөрү да бизден бетер тынч эмес,
Коңшү тууган, көп болсо да сарт эли.

Гүл ордуна тикен кетти тукумдап,
Улам кырсык тооруп калды утурлап.
Ак өргөдө алтын тактым акыры,
Жат колунан жамбы аткандай тытылмак.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here