Энергетика жана өнөр-жай министрлиги Кыргызстанда 15-октябрдан тартып электр жана жылуулук энергиясы үчүн белгиленген тарифтерди жарыялады.

Министрлер кабинети бекиткен тарифке ылайык, калк 700 кВт саатка чейинки электр жарыгы үчүн77 тыйындан, андан ашса,2 сом 16 тыйындан төлөйт.

Бийик тоолуу жана шарты катаал аймактарда жашагандар керектөөнүн көлөмүнө карабай, 77 тыйындан төлөйт.

Мекеме-уюмдар, ишканалар, компаниялар үчүн тариф иштин мүнөзүнө жараша 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейин бааланат.

Жылуулук энергиясына болгон тарифтер калк үчүн азыркы деңгээлде 1,134,76 сом/Гкал өлчөмүндө сакталат.

Ысык суу менен камсыздоонун тарифтери 981,76 сом/Гкал өлчөмүндө азыркы баасында калат.

Башка керектөөчүлөр үчүн:

— жылуулук энергиясы — 1 802 сом/Гкал;

— ысык суу менен камсыздоо — 1 802 сом/Гкалды түзөт.

2021 — жылга карата акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына болгон тарифтер Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы №192, №193 «Кыргыз Республикасынын 2021-2025 — жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө”,

«Кыргыз Республикасынын 2021-2025 — жылдарга карата жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомдоруна, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Отун -энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин буйруктарына ылайык (15.10.2021-ж., №146, №147), 2021 -жылдын 15 -октябрынан тартып электр жана жылуулук энергиясы үчүн төмөндөгүдөй тарифтер Кыргыз Республикасынын акыркы керектөөчүлөрү үчүн белгиленгенин маалымдайт:

2021 — жылга карата акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына болгон тарифтер:Калк:1) Тиричиликтик керектөөчүлөр үчүн тарифтер учурдагы колдонуудагы 0,77 сом/кВтстын деңгээлинде сакталат. Айына 700 кВтстан жогору керектелген учурда тариф 2,16 сом/кВтсты түзөт.2) Бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы аймактарда жашашкан жашоочулар үчүн электр энергиясын керектөө нормасы белгиленбейт. Бул категориядагы тиричиликтик керектөөчүлөр үчүн тариф жылына 0,77 сом/кВтсты түзөт.Насостук станциялар:

Калкты таза суу менен жана айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу менен камсыздоочу насостук станциялар жана скважиналар, ошондой эле канализациялык чарбалардын керектөөлөрү үчүн электр энергиясына тариф 1,09 сом/кВтсты түзөт (салыктарды эске албаганда).Электрдик транспорт, интернат тибиндеги балдар мекемелери, майыптар жана/же улгайган жарандар үчүн социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелер, ошондой эле диний уюмдар:Бул категориядагы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясынын тарифи 1,68 сом/кВтсты түзөт (салыктарды эске албаганда).

Калган бардык тиричиликтик эмес керектөөчүлөр (өнөр жай, айыл чарба, бюджеттик жана башка керектөөчүлөр):Тиричиликтик эмес керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына тариф — 2,52 сом/кВтсты түзөт (салыктарды эске албаганда).Майнинг (криптовалюта) субъекттери, алтын кен өнөр жай ишканалары (алтын өндүрүүчү фабрикалар), алкоголдук продукцияларды өндүрүү боюнча ишканалар: Бул категориядагы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясынын тарифи — 5,04 сом/кВтсты түзөт (салыктарды эске албаганда).Куючу, эритүүчү цехтер:

Куючү, эритүүчү цехтер үчүн электр энергиясынын тарифи — 3,78 сом/кВтсты түзөт (салыктарды эске албаганда).Цемент заводдору:Цемент заводдору үчүн электр энергиясынын тарифи — 3,28 сом/кВтсты түзөт (салыктарды эске албаганда).2021 — жылга карата акыркы колдонуучулар үчүн жылуулук энергиясына тарифтер:Калк:- жылуулук энергиясына болгон тарифтер азыркы деңгээлде 1,134,76 сом / Гкал өлчөмүндө сакталат;- ысык суу менен камсыздоонун тарифтери 981,76 сом/Гкал өлчөмүндө азыркы деңгээлде сакталат.Башка керектөөчүлөр тобу үчүн:- жылуулук энергиясына болгон тариф — 1 802 сом/Гкалды түзөт (салыктарды эске албаганда);- ысык суу менен камсыздоонун тарифи — 1 802 сом/Гкалды түзөт (салыктарды эске албаганда).

https://www.facebook.com/minenergo.kg/posts/241305001374413

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here