2005-жылдан бери каралбай калган балдардын реабилитациялык борборун калыбына келтирүү үчүн уюштурулган марафондо, 2 саат аралыгында 40 млн сом чогулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоожана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдирди. Бир аз мурда, марафондун расмий ачылуу аземине Президент Садыр Жапаров да катышып, Президенттин фондунан 3 млн,  Министрлер кабинетинин фондунан да 3 млн сом кошкон. Бир катар жек ишкерлер да өз салымдарын кошушту.

Чолпон-Атадагы бул «Алтын балалык» балдар реабилитациялык борборго жардам катары заманбап тиричилик техникаларды алып берүүгө кыргыздын дагы бир мекенчил уулу Бакай Асылбек уулу 100 000 сомдук колдоо көрсөттү. Бакай баатыр, буга чейин да коомчулуктагы мыкты долбоорлорду колдоп, өз салымын кошуп келген.

Ошондой эле Президенттин үй-бүлөөлүк фондунун эсебинен 500 000 сомду биринчи айым Айгүл Жапарова тапшырган. Мындан сырткары, Айыл чарба министрлиги 200 миң сом, Ысык-Көл облусунун фондунан 1 млн сом которулган. Бул тизмени Талас, Нарын Чүй облустарынын башкармалыктары улантат, бирок суммасы айтылган жок.

Көп түкүрсө көл болот демекчи, бул кайрымдуулук иш-чарага кол сунгусу келген ар бир жаран телефон аркылуу да акча которсо болот.

Телефонго «Megapay» тиркемесин жүктөп, «Оплата услуг» бөлүмүнөн «Благотворительность» баракчасына кирип «Өмүр булагы» баскычын тандап тийиштүү акчаны которо алышат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here