Бишкектеги «Дордой Дыйкан» базарынын директору Эркин Салымбеков 6-декабрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалды.

Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан «Азаттыкка» бүгүн, 14-октябрда билдиришти.

Жактоочунун райондук соттун чечимине каршы жазган арызы шаардык сотко 14-октябрда келип түшкөнү маалым болду. Шаардык сот Салымбековдун бөгөт чарасын качан карай турганы азырынча белгисиз.

УКМК Салымбековдун кармалганы боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Айрым маалымат каражаттары ал бажыда мыйзамсыз схема түзүүгө айыпталып жатканын жазышты. «Дордой» бирлиги бул тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here