Жогорку Кеңештин 13-октябрдагы жыйынында Эл өкүлү Абдывахап Нурбаев президент билим берүү системасына ваучердик системаны киргизүү тапшырмасын бергенине бир жыл болгонун, андан бери эмнеге ишке ашпай жатканын сурады.

«Сиз министр катары ваучер деген эмне экенин билесизби, айтып бериңизчи? Президент инаугурациясы учурунда ушул системаны киргизели деп айтпады беле?» — деп сурады депутат.

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев, билим берүүдөгү ваучердик система дегенди биринчи жолу угуп жатканын айтты.

Ваучердик каржылоо системасы — билим берүү, саламаттыкты сактоо же башка тармак болсун, акчаны мектепке, ооруканага эмес, окуучуга жана студентке түз которуу кызматы. Ал кандай ишке ашат? Бүгүнкү күндө бизде билим берүү системасында бюджет мектепке бөлүнөт. Бир класста канча окуучу, канча мугалим бар экени каралбайт. Ал эми ваучердик системада каржы окуучуга түз берилет. Ал мамлекеттикпи, жеке менчикпи каалаган мектебине барууну өзү чечет. Тактап айтканда, тандоо эркиндиги болот.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here