Бишкекте бала асырап алуу ишине көмөк көрсөтүү убадасын берген акимчиликтин кызматкери кармалганын Бишкектин Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкектеги акимчиликтин биринде иштеген кызматкер бала асырап алуу ишине жардам берүүнү убада кылып, шаар тургунунан 3 миң доллар сураган. Акчасын алып, убадасын аткарбай койгонун айтып, ал жаран 6-октябрда милицияга кайрылган.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Алдамчылык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Тергөө-иликтөө иштеринин натыйжасында 59 жаштагы И.Д аттуу жаран кармалып, Октябрь райондук соттун чечими менен үй камагына чыгарылды.

Шектүү жана анын адвокаттары комментарий бере элек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here