Жергиликтүү ЖМКлар берген маалыматтарга караганда Кытайдын түндүгүндөгү Шаньси провинциясында болгон катуу суу ташкынынан 1,76 миллиондон ашык адам үй-жайсыз калды.

Видео :https://www.youtube.com/watch?v=dusijcZV8r8

Өткөн аптадан бери катуу жаап жаткан жамгыр провинциянын 70тен ашык шаарлары менен райондорунда үйлөрдү жараксыз абалга келтирип, сел жүрдү. Бийлик катуу жааган жамгыр куткаруучулардын ишине тоскоол болуп жатканын кабарлады. Global Times булагы бул ирет төрт полиция кызматкери каза тапканын, 120 миңдей адам башка аймактарга көчүрүлгөнүн жазды. Буга чейин  үч ай мурда Хэнань провинциясында болгон суу ташкыны 300дөн ашык адамдын өмүрүн алган болчу.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here