Жогорку Кеңештин вице-спикери Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбекович алдыда боло турчу парламенттик шайлоого «Ишеним» саясый партиясы менен катышары маалым болду. Бүгүн аталган партиянын курултайы өтүп, такталган талапкерлердин аты-жөндөрү жарыяланды. Тизме боюнча Нурбек мырза, алдыңкы бештикке кирген.

Эске сала кетсек, 48 жаштагы Нурбек Сыдыглиев ЖКга эки жыл мурун депутат болуп келген. Акыркы бир жылдан бери ЖКнын вице-спикери болуп иштеп келет. ЖКга келгенге чейин ӨКМде министрдин орун басары болуп 5 жыл эмгектенген. Ал вице-спикер катары мамлекеттеги көйгөйлүү маселелерди байма-бай көтөрүп, жигердүү иштеп, өзүн иш билги инсан катары көрсөтүп келүүдө…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here