Норвегиянын борбору Ослодо күрөш боюнча дүйнө чемпионаты аяктады. Ага катышкан 27 өлкөнүн ичинен Кыргызстан медалдардын саны боюнча 5-орунду ээледи.

Алдыңкы орундарга ири держава аталган өлкөлөр:

  • Иран — 7 алтын, 3 күмүш, 3 коло;
  • АКШ — 5 алтын, 5 күмүш, 5 коло;
  • Япония — 5 алтын, 3 күмүш, 4 коло;
  • Россия — 4 алтын, 5 күмүш, 9 коло;
  • Кыргызстан — 2 алтын, 2 күмүш, 2 коло;

Казакстан бир күмүш, бир коло медалы менен 15-орунда турат. Ал эми Өзбекстан, Тажикстан, Кытай чемпионатка катышкан эмес. Кыргызстан намысын коргогон балбандар кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы коло, эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев күмүш, Алибек Осмонов коло жана грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков күмүш медаль утуп келди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here