Пенсильванияда Кыргызстандын атуулу полициянын огунан көз жумгандан кийин АКШдагы кыргыз диаспорасы журтташтарды сабырдуулукка чакырган кайрылуу жасады.

Бир нече штаттарда жашаган кыргызстандыктардын өкүлдөрү бирге тараткан билдирүүдө Америкада көз жумган журтташтардын арасында мындай окуя болбогону белгиленген.

«Америкада кыргызстандыктар үчүн буга чейин түшкө кирбеген кырсык болду. Каза болгон маркум жигиттин жакындарына, ата-энесине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Азыр социалдык тармактарга тараган видеонун алдында ар кандай сөздөр жазылып жатат. АКШдагы бардык журтташтарды сабырдуулукка чакырабыз. Так маалымат азыр эч жерге чыга элек. Буга чейин кыргызстандыктар бири-бирине жардам берип, колдоо көрсөтүп келишкен. Расмий маалымат берилип, тиешелүү органдар өз чечимин чыгаргыча ачууга алдырбай, сабырдуу болууга чакырабыз. Америкадагы кыргызстандыктардын ынтымагын, мыйзамды сактайлы» — деп айтылат диаспоранын билдирүүсүндө.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги 8-октябрда тараткан маалыматка ылайык, АКШнын Пенсильвания штатында Кыргызстандын атуулу полициянын огунан өлгөн.

Кыргызстандын АКШдагы элчилиги окуя 5-октябрда болгонун билдирди. Элчилик окуянын чоо-жайын сурап, Пенсильвания штатынын полициясына кайрылды. Элчилик маркумдун бир тууганы азыр АКШда экенин, ага тиешелүү жардам берилип жатканын да министрликке кабарлаган.

Америкалык жалпыга маалымдоо каражаттары полиция кызматкерлери кыргызтандыкты атып өлтүргөндүгү туурлауу окуянын чоо-жайын айтты.

5-октябрда таңкы саат 5:30 чамасында Клинтон округунун Грин Тауншип шаарынын тургундары катуу үндөрдү угушкан, андан кийин бир нече жолу ок атылган. Айыл тургундарынын бири кырсык болду деп ойлоп, көчөгө чыкканда бир нече полиция машинасын жана коопсуздук кызматкерлерин көргөн.

Кийинчерээк полиция жүк ташуучу унаада бараткан кыргыз жаранына ок чыгарганы белгилүү болду. Буга чейин Тышкы иштер министрлиги өзүнүн билдирүүсүндө жигит октон алган жаракатынан каза болгонун билдирген.

«PAhomepage.com» билдиргендей, көз жумган адам Клинтондогу каракчылыкка шектелген. Ламар штатынын полициясы аны окуя болгон жерге чейин кууп барган. Массалык маалымат каражаттарында белгиленгендей, кыргыз жараны укук коргоо кызматкерлерине баш ийбей, тескерисинче, полициянын талаптарын этибарга албай, жүк ташуучу унаадан чыкпай койгон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here