АКШнын Пенсильвания штатында Кыргызстандын атуулу полиция кызматкерлери тарабынан өлтүрүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстандын Америкадагы элчилигинин акыркы маалыматтарына ылайык, окуя 5-октябрда болгон. Элчилик окуянын чоо-жайын сурап, Пенсильвания штатынын полициясына кайрылды.

Каза болгон 1993-жылкы маркумдун жакындары анын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү боюнча атайын документтерди даярдап жатат. Ага полиция эмне себептен ок атканы белгисиз.

Социалдык медиада таркап жаткан видеодо жүк ташуучу машинелердин арасында атышуу болгонун көрсө болот.

Элчилик маркумдун бир тууганы азыр АКШда экенин, ага керектүү жардам берилип жатканын да министрликке кабарлаган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here