С
 Адабият боюнча «Нобель» сыйлыгы танзаниялык 73 жаштагы жазуучуга ыйгарылды 2021-жылдын адабият боюнча «Нобель» сыйлыгы танзаниялык жазуучу Абдулразак Гурнага тапшырылды. Бул тууралуу Нобель комитети билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.73 жаштагы белгилүү жазуучу колониялизмдин кесепеттерин жана маданияттар менен континенттер арасында өткөн качкындардын туңгуюк жашоосун аңдап билип, чыгармалары аркылуу таасын жеткиргени үчүн сыйлыкка татыктуу деп табылган.Белгилей кетсек, Абдулразак Гурна 1948-жылы Танзаниядагы Занзибар аралында жарык дүйнөгө келген. Ал колониялизм жана Чыгыш Африка коому боюнча жазган романы аркылуу дүйнөгө таанылган. Бул жылкы фавориттердин арасында француз жазуучулары Анни Эрно менен Мариз Конде, теги индиялык жазуучу Салман Рушди жана башкалар бар эле.
Нобелдин ээлери алтын медалга жана 1,1 млн. доллар өлчөмүндө акчалай сыйлыкка ээ болушат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here