Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медал тагынды. Бул жетишкендиги менен ал Эгемен Кыргызстандын тарыхында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында эки жолу күрөшүп, эки жолу тең жеңишке жеткен алгачкы спортчу болуп калды.

Жүрөк толкундаткан учур: https://www.instagram.com/p/CUq74qsoFq6/

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Тыныбекова 6-октябрга караган түнү 62 килограмм салмакта финалда америкалык Кайла Колиин Кийоко Мираклды 7:0 эсебинде жеңип алды. 25 жаштагы Кайла Колиин Кийоко Панамериканын чемпиону. 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси (2019-ж.).

Сыйлоо учуру: https://www.instagram.com/p/CUq8Ga1InR2/

Бул Дүйнө чемпионатында Тыныбекова жалпы төрт беттеш өткөрдү. Ал буга чейин жарым чейрек финалда жапониялык Нонока Озакини 6:4 эсебинде, чейрек финалда белорусиялык Вераника Иванованы 6:6 эсебинде жеңип алган. Жарым финалда украиналык Илона Прокопевнюк менен күрөшүп, 5:2 эсебинде уткан эле.

28 жаштагы Айсулуу Тыныбекова ушуну менен дүйнө чемпионатына 3-жолу катышты. Буга чейин кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын алтын (Нур-Султан, 2019-ж.) жана коло медалдарын (Париж, 2017-ж.) тагынган. Токиодо өткөн Олимп оюндарында күмүш медал тагынган. Азиянын төрт жолку чемпиону. Ал Спорттун жалпы Олимпиадалык 29 түрлөрүнөн Дүйнө чемпионатынын финалына эки жолу чыгып, эки жолу тең дүйнө чемпиону болгон кыргызстандык алгачкы спортчу.

Күрөштүн бул түрүнөн дагы бир кыргызстандык Айпери Медет кызы эртең, 6-октябрда 76 килограмм салмакта коло байге үчүн күрөшөт. Ал бүгүн, 5-октябрда жарым финалда эстониялык Эпп Мяеге 1:2 эсебинде жеңилди. Айпери 3-орун үчүн ким менен беттешери азырынча белгисиз.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here