Бишкектин четинде жайгашкан Мурас — Ордо конушунда 16 жылдан бери жашаган Сапаркулов Ажибек менен Сапаркулова МиСкакы айымдын 3 баласы бар. Кызы Уркуя 16 жашта. Ал туубаса » бел грыжасы» менен ооруп, буту баспайт. Белгилүү дарыгер Сабыр Жумабеков Уркуяны 4 жашында, андан кийин 8 жашка чыкканда операция жасап, белине темир салган. Бирок эки жолку операция натыйжасыз болгон. Үчүнчү жолку операция мындан эки, үч жыл мурун эле жасалышы керек болчу. Тилекке каршы, операцияга акча жок болгондуктан ушул күнгө чейин операция жасала элек. Уркуя бул оорудан тышкары акыркы жылдары бөйрөк оорусунан жабыркап келет…

16 жылдан бери жалаң кредит алып, кызынын дарысына, үй салууга ж.б. керек жаракка жаратып, жашап келатышкан жубайлар Уркуя кызы үчүн жалпы коомчулуктан жардам сурап кайрылышты.

Уркуянын тагдырына кайдыгер карабаган бооркер адамдар, төмөнкү ЭЛ СОМ: 0771324656 номерине же Кыргыз-Инвестициялык — Кредит Банкындагы (KICB) 1280156054359486 (Сапаркулова Мисакакы Мамбеталиевана) реквизиттер аркылуу жардам берүүгө чакырабыз.

Төмөндө Мискакы айым Chagylgan.kgге кызынын оорусу, дарылануусуна кетип жаткан чыгымдары, жашоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кенен айтып берди.

Мисакакы айым: «Бир жылы кызымды дарылатып жүрүп, немис дарыгерге жолгуп калдык. Ал киши Уркуяны Германияга алып барып, дарылатсаңар буту басып кетиши ыктымал деп айткан. Кайрымдуу адамдардан жакшы жардам болуп калса, Германияга барат элек. Кызымдын да азыр күнү-түнү Германияга барып дарыланууну эңсеп жатат. — дейт.»

Он гүлүнүн бири ачыла элек, Уркуя билим алууга абдан дилгир. Тилекке каршы, билим алууга мүмкүнчүлүгү да чектелүү, шарт түзүлгөн эмес…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here