Социалдык тармактарда Кыргыз Улуттук университетинин ректору Канат Садыков 20 миң доллардын тегерегиндеги каражатты белгисиз адам менен соодалашып жаткан аудио тараган. Аталган окуяны чын-төгүнүн тактоо иретинде көз карадысыз журналист Замир Казакбаев кезектеги журналисттик иликтөөсүн жүргүзгөн. Анда университеттин ректору Канат Садыков экинчи тарапка Жээнбековдун жакындары тарабынан ага карата кысым болуп жатканын айткан. “Мени эч нерсеси жок жерди алып, корпус кур деп мажбурлап жатышат. Индустар “келебиз, келебиз” дегенден өйдө жактан кимдер гана чалышкан жок. Азыр биз “Эл Эн интернешнл” компаниясынан башка студенттерди кабыл алуу менен алектене албайт деген кат жазып жатабыз”,-дейт ректор. Бул аудидо менен көптөгөн мыйзам бузуларды жана коррупциялык схемаларды далилдөөгө болот. Журналисттин иликтөөсүндө, Улуттук университеттин 5-8-корпустарында окуу жылы башталганына карабастан оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканы айтылат. Видео: https://www.instagram.com/p/CUp5egsNmLL/

Журналист Замир Казакбаев университеттин курулуш иштерине жооптуу адисине жолугуп бир нече суроолорду узатканда, ал суроолорго так жооп бере алган эмес. Жооптуу адам оңдоо иштерине кайсы компания жооп берээрин, бюджет кайдан жана кантип бөлүнгөнүн айта алган эмес. Атайын адистен так жооп ала албаган журналист, университеттин чарба иштери боюнча проректору Туратбек Суранаевге суроо узаткан. Анда, Суранаев тендер өткөрүлбөстөн, аткаруучу компания жок эле, өздүк схема менен ондолгонун айтты. Ал эми, университеттин ректору Канат Садыков проректордун жообуна карама-каршы жооп берген. “Бир компания бир жыл бизде оңдоо иштерин жүргүзө албайт. Бизде каражат болгон учурда, жайкы мезгилде…Анын дагы өзүнүн талаптары болот. Бул жерде генподрядчик катары бир нече компания иштеши мүмкүн. Тендер канча жолу жарыяланганын так айта албайм”,-дейт ал. Ошондой эле, Замир Казакбаев жаңы салынган, оңдоо иштерине муктаж эмес Улуттук университеттин 8-корпусунда жүрүп жаткан оңдоо иштерине да токтолду. Анда куруучулар оңдоо иштерин Мелис аттуу киши жүргүзтүрүп жатканын айтышкан. Жогорудагы айтылган аудиодо ушул Мелис деген адам ректор менен сүйлөшкөн.

Маалым болгондой, Кыргызстанга келип жаткан пакситандык абитуриенттерди “контрактерлер” алып келишет. Булар мамлекеттик эмес, жеке менчик фирмалар. Ар бир студенттен түшкөн киреше бери жагы дегенде 2 миң доллардан кем эмес. Учурда  Улуттук университетте 150дөн ашык студент окуйт. Аны 2 миң долларга көбөйтсөк 300 миң доллар “контрактердун” чөнтөгүнө түшкөн таза киреше. Аталган университеттин медицина факултетинин деканы Чынгыз Узакбаев оңдоо иштерин Индиядагы инвесторлор жасатып жатканын айтты. “2018-жылы лицензия алынгандан бери жалпы 300 квота берилген. Анын ичинен былтыр (2020-жылы) 109 студент кабыл алдык”,-дейт декан.

Мындан сырткары, фирма келген студенттердин жатаканасынан баштап, лаборатория, медициналык клиникасын камсыз кылууга милдеттендирилет. Ал эми Билим берүү министрлиги ошого жараша квота бөлүп берип, лицензия карматат. Улуттук университетте медициналык факултет ачылгандан күндөн бери иштешип келе жаткан фирма болгон. Учурда окуп жаткан 150 студентти ошол фирма алып келген. Замир Казакбаевдин айтымында, жогорудагы аты айтылган Мелис атту жаран депутат Төрөбай Зулпукаровдун түзмө-түз кийлигишүүсү менен күчкө салып эле мурдагы фирма менен болгон келишимди жокко чыгарып, “LN PAK” деген фирма менен келишим түздүргөн. Журналист Замир Казакбаев иликтөөсүнүн жыйынтыгында атайын текшерүүчү органдарын университетте болуп жаткан коррупциялык схемаларды текшерүүгө чакырды.kabarchy.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here