Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатында жарым финалында украиналык балбан Илоны Прокопевнюкту 5:2 эсебинде утту. Эми ал эртең финалда америкалык балбан Кайлой Миракл менен беттешет.

Мелдештин жүрүшүн Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайты түз көрсөтүүдө. Беттештин биринчи бөлүгү 4:4 менен аяктады. Ал эми экинчи бөлүгүндө атаандашы чабуул жасап дагы эки упай алган. Андан соң дагы бир ыкма жасаганда кыргызстандык балбан далысын жерге тийгизе басып салды. Натыйжада Айсулуу Тыныбекова таза жеңишти камсыздады.

Видео: https://www.instagram.com/p/CUnDEsjl2yy/

Тыныбекова турнирдин 1/8 финалынан тарта күрөшүп, алгачкы беттешинде япониялык Ноноко Озакини 6:4 эсебинде уткан

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here