Парламенттин депутаты Саматбек Ибраевге жана анын үй-бүлөсүнө алданганын айткан кишилер 4-октябрда пикетке чыгышты. Ондон ашуун адам Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чогулушту. Колдоруна «Ибраев Самат, акчабызды кайрып бер!», «Президент мырза, жардам бериңиз!» деген жазуулары бар плакаттары көтөрүп алышты.

Алар Ибраевдердин үй-бүлөсү баш-аягы 35 млн. доллар карыз экенин билдирип, аласасы бар кишилердин бир бөлүгү гана пикетке чыкканын айтышты.

Саматбек Ибраев — КСДП фракциясынан депутат. Улуттук банкка байланыштуу мыйзамды өзгөртүү, «финансылык шылуун» катары мүнөздөлгөн орусиялык Владимир Фролов менен кызматташуу боюнча соңку күндөрү анын аты тез-тез атала баштады.

Анын уулу Данияр Ибраевге 2019-жылы ири суммадагы каражатка байланышкан алдамчылык ишине байланыштуу эл аралык издөө жарыяланганы кабарланган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here