Жогорку Кеңештин бүгүн, 29-сентябрдагы жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун отставкасы каралды. Күн тартибиндеги бул маселенин аягында депутат Мурадыл Мадеминов сөз алып, Толкунбек Абдыгулов, депутат Саматбек Ибраев жана Россиядан келген Фролов (Владимир Фролов) тууралуу айтты.

«Урматтуу депутаттар, урматтуу Талант Турдумаматович (төрага). Акыркы 2-3 айдан бери Улуттук банктын тегерегинде, Абдыгулов боюнча биздин депутат Самат Ибраев аябай «отрицательный» пиар кампания жүргүздү. Мен эми айтпай койбосом болбойт. Самат Ибраевдин жанында, Россиядан келген Фролов деген бир «аферист» үйүндө жашап жүрдү. Кандай информация берди буга?… Сырт жактан келген аферист Фроловду Улуттук коопсуздук комитети текшерсин. Ал кандай киши?… Бүгүнкү күндө, эртең Кыргызстандын банк тармагында, каржы тармагында эгер «сбой» кетсе, депутат Ибраев күнөөлүү. Мен сизден суранамын — Улуттук коопсуздук комитети Россия Федерациясына «запрос» жиберсин — Фролов деген ким? Кандай максат менен Кыргызстанга келип, эмне үчүн Самат Ибраевдин үйүндө жашап жүрдү? Мен ушуну айтып койбосом болбойт.

Кыргызстан акыркы убакта аябай кыйын кырдаалдан жашап өттүк. Бирок «единственный» Улуттук банк өзүнүн функциясын толук аткарды. Ошондуктан Толкунбек Сагымбекович, кандай кырдаалда кетпеңиз, сизге ыраазычылык гана айткандан башка сөз жок. Чөкпөңүз. Сиз билим алгансыз. Билим алганда кыргыз элине, кыргыз мамлекетине кызмат кылам деп жүрөгүңүзгө койгонсуз.

Ага удаа депутат Самат Ибраев сөз алып, жооп кайтарды.

«Бул жерде сөзсүз түрдө Кыргызстандын инвестициялык климатына абдан чоң сокку урулуп жатат. Ушул биздин парламенттен урулуп жатат. Фроловдун аркасында Беларустун айтишниктери, ондогон өлкөлөрдүн айтишниктери карап турган. Ошол айтишниктердин бардыгы Кыргызстанга мындай болсо бир дагы инвестиция келбейт деп айтып жатышат.

Ошондуктан Талант Турдумаматович, сизден сураныч. Ушул жердеги талаш-тартышка точка коюп бериңиз. Чындыкты ушул жерге келип айтышсын. Менин аркамдан атыңа айткан жокмун, жымсалдап айттым дебестен, бетиме айтышсын. Сен аферистсиң, Фролов дагы аферист деген каралоо болуп жатат», — деди Самат Ибраев.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here