Кыргызстанга Өзбекстандан миң тонна күздүк буудайдын үрөнү алып келинди. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Буга 2021-жылдын 26-мартында Ташкентте кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын протоколу мүмүкүнчүлүк түздү.

«Күздүк буудайдын «аср» жана «давр» сортторунун үрөнү келди. Бул сорттор биздин дыйкандарыбызга, фермерлерибизге жакшы белгилүү, сыноодон өткөн. Республиканын мамлекеттик реестрине киргизилген. Ошондой эле өлкөнүн бардык региондорунда сугат жерлеринде колдонууга болот», — деп айтылат билдирүүдө.

Үрөн республиканын региондоруна таркатылып, 2022-жылы түшүм себүү үчүн колдонулат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here