Улуттук банкты 2014-жылдан бери (2017-жылы гана 3-4 ай вице болуп иштеген) жетектеп, түшпөс ханга айланган Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетип жатканын бир катар ЖМКлар жазып жатышат. Бүгүн ЖКнын тиешелүү комитети аны кызматтан бошотуу маселесин карай турганы айтылууда. Буга чейин ЖК депутаты Самат Ибраев Абдыгуловдун кескин сындап, иштебей жатканын ЖК трибунасында бир нече ирет айткан. Айрым маалыматтар боюнча Абдыгуловдун ордуна бир нече адамдын талапкерлиги каралууда. Алардын ичинде Бакиевдин кандуу мезгилинде, тагыгары 2006-2010-жылдары Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштеген Кубанычбек Бөкөнтаевдин ысымы көбүрөөк айтылууда. Ал 1969-жылы Туп районунун Ак-Булуң айылында туулган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here