2021-жылдын 19-августунда Чолпон-Атада өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын чыгымы 18,9 млн. сомду түзгөн. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Экономика жана каржы министринин орун басары Данияр Амангелдиевдин айтымында, министрдин кабинети июль айында Ысык-Көлдөгү резиденцияда конференц-залдын курулушу жана жабдуулары үчүн каражат сураган. Иш-чараны даярдоого жана өткөрүүгө 18,9 миллион сом сарпталды.

“Тагыраак айтканда, премьерлер келип бир күндүн ичинде 18,9 миллионду жештиби?” – деп сурады депутат Мурадыл Мадеминов. Ал акчаны дагы эмнеге жумшалганын, ким эмне жеп-ичкенинен бери эсептеп берүүнү суранды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here