Алмамбет Шыкмаматов алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого байланыштуу инвестициялар министри кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазарын билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда президент Садыр Жапаров менен жолугушууда маалым болду. Жапаров анын отставкасын кабыл алууга даяр экенин билдирип, анын аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди. Андан сырткары, «Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси» класстык чинин ыйгарды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов инвестициялар министри болуп февраль айында дайындалган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54тү партиялык система менен шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет. БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here