Бишкек шаарында аял кишинин жансыз денеси табылды. Бүгүн, 23-сентябрда саат 10:00 чамасында Ленин РИИБге Токтогул көчөсүндөгү батирде жансыз дене жатканы, үйдүн ичи канга боёлгону тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери барган. Маркум 1982-жылы төрөлгөн У.Н. экени такталды.

Жазык кодексинин 130-беренеси менен кылмыш иш козголуп, шектүү изделип жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here