Мыйзамсыз баюуга шектелип УКМК тарабынан кармалып, үй камагына чыккан өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов өзүнө тагылып жаткан айыптар боюнча ЖМКлардын бирине мындай пикирин билдирди:

-Мен өзүм таң калдым, мынча мүлктү кайдан алдым? Акыркы 20 жылдан бери ишкерлик менен алектенип, мамлекеттик кызматта иштедим. Акыркы беш жылдан бери мен ишкерлик менен гана алекмин. Мага эмне себептен мынчалык көңүл буруп жатканына таң калып жатам. Менде 2005-жылдан бери конок үйү жана мал багуучу жай бар. Эгерде мен 63 жашымда буларды иштеп таппасам анда кызык болмок. 1995-жылы Көк-Жардагы кичинекей үй сатып алынган, 2000-жылдардын башында досторум Ивановкадагы «Кайнар» ЖАКсын беришкен. Ивановканын жашоочулары муну билишет. Менин чоңойгон балдарым бар, алар кадимки батирлерде жашашат. Мен «Ысык-Ата» пансионатына реабилитациялык борбор куруп жатам, 400 миң доллар насыя алгам. Кой-Таштагы сөз укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин чечкиндүү аракеттерине таасирин тийгизди. Мен 16 батирди жана 16 унааны кайдан алдым? Бир нече батирлер бар. Мен 63 жашымда үйсүз калбашым керек. Эч бир объект муляж катары катталган эмес. УКМК пресс-релизин туура эмес жазып, баарын адаштырды».

Анын айтымында, мунун баары экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары менен тыгыз байланышта болгондугуна жана Кой-Таштагы экс-президенттин туулган күнүнө арналган сөзүнө байланыштуу болушу мүмкүн экенин айтты.

«

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here