Эртең президент Садыр Жапаров эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракесинин урматына мамлекеттик сыйлык-наамдарды ыйгарары маалым болду. Бул ирет жогорку сыйлыктарга кыйла татыктуу инсандар ээ болушкан. Бирок арасында сыйлыктар ылайыктуу эмес «жолдууларга» берилип кеткени байкалат. Ошондой эле бул жолу да мамлекеттик жогорку сыйлык-наам эчак татыктуу болгон айрым инсандарга буйрубай калды. Маслен, КРнын «Эл артисти» наамы 40 жылдан бери кыргыз эстардасында тынымсыз ырдап, кыргыз маданиятына опол тоодой эмгек сиңирип келаткан Алина Жетигеновага негедир берилбей калды. Ошол эле учурда Алина Жетигеновдан кийин чыккан, жеңил -желпи ырлар менен элдин, өзгөчө жаштардын табиятын бузушкан Расул Маматкулов, Бек Борбиев дегендер бул наамды басып жыгылышты. ал эми Алина менен тең курдуу Айчүрөк Иманалиева, Динара Акуловаларга бул наам берилди. Чынында бул үч айым талантында шек жок. Бирок ошондой болсо да Жетигенованын үнү салыштырмалуу жагымдуу жана өзгөчөрөөк экенин жалпы эле жакшы билет. Андыктан, Алина Жетигенованын талантына, эмгегине көз жумган Маданият министрлигинин чекилиги деп бааласак болот. Алина Жетигенова 1982-жылдан бери 100дөгөн мыкты ырларды аткарып, элдин сүймөнүлүгүнө эчак айланган айтылуу ырчы. Муну менен катар Кыргызстандын атынан көптөгөн мамлекеттерде өткөн сынактарда алдыңкы орундарды ээлеп, өкөбүздүн атын даңазалаган… Жогорку бийлик алдыда татыктуу инсандардын тиешелүү наам-сыйлыктарды ыйгаруу боюнча эске алышаар деген изги тилегибиз бар.

лина Жетигенова 1964-жылы 6-ноябрда Талас облусундагы Арал айылында төрөлгөн.

Мектепти аяктаган соң филармониянын алдындагы эки жылдык эстрадалык студияга кирген.

Чыгармачылыгы:

1982-1990 жылдары «Жетиген», «Ариет», «Таазим» тобуна ырдаган;

«Ысык-Көл-1988» сынагында баш байгени жеңип алган;

«Юрмала-1989» жаш таланттар сынагына катышкан;

1991-жылы Тарас Асанакуновдун «Роза гүлү» аттуу эстрадалык тобу ачылып Алина Жетигенова ырчы Расул Маматкулов, Айчүрөк Иманалиева, Динара Акуловалар менен биргеликте иштеген;

Бир аз убакыттан кийин топ жабылып, ырчылар өз өзүнчө «Айчүрөк», «Динара», «Алина» деген топторду ачышкан;

Репертуарындагы популярдуу ырлары: «Дасторкон», «Апама кат», «Кыздын сыры», «Арген», «Ал мен эмес», «Жаз» жана башка.

2011-жылы КРдин Эмгек сиңирген артист наамын алган.

Үй-бүлөлүү, үч баланы энеси, 6 небереси бар.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here