Мамлекеттик курулуш комитетинин Архитектуралык-курулушту көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери республика боюнча уруксатсыз курулган 59 көп кабаттуу үйдү аныкташты. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти. Баары турак жай объекттери жана алардын 37си Бишкекте, Ошто 18и, Чүйдө 4.

Мыйзамсыз курулган имараттардын тизмесине «Элит Хаус Строй», «Альянс Курулуш», «Имарат Прогресс», «Эмаком» жана башка компаниялардын объекттери кирген. Мамкурулуш мыйзамдуу чечим чыгаруу үчүн тиешелүү органдарга кайрылган. Мыйзамга ылайык, шаар куруу жана архитектуралык документтерсиз курулушту жүргүзүү мүмкүн эмес.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here