Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев «Кумтөр» кенин иштетүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Бул тууралуу 16-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Оторбаев премьер-министр болуп турганда мыйзам талаптарын бузуп, “Кумтөр Голд Компани” чет элдик ишканасынын «кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн мындан ары жок кылууга макулдук берген».

Мурдагы премьер бүгүн кармалганы, анын бөгөт чарасы 48 саат ичинде аныкталары айтылды.

Оторбаев кыргыз өкмөтүн 2014-2015-жылдары жетектеген. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here