Нью-Йорктун Түштүк округунун соту Centerra Gold Inc. компаниясынын кыргыз өкмөтүнө «Кумтөр» кени боюнча санкция салуу арызын четке какты. Бул тууралуу Law360 порталы жазды.

Белгилей кетсек, 25-август күнү Centerra Gold Inc. компаниясынын туунду ишканалары «Кумтөр голд компани» жана «Кумтөр оперейтинг компанинин» кызыкчылыгын коргогон Sullivan & Cromwell LLP фирмасынын адистери АКШ сотуна Кыргызстандын бийлигине санкция салуу боюнча арыз менен кайрылган. Юристтер келишим шарттары аткарылбаган ар бир күн үчүн 1 миллион доллардан талап кылышкан.

Соттук отурум 15-сентябрда видеоконференция режиминде өтүп, ага Лиза Г. Бекерман судьялык кылды.

«Азырынча «автоматтык түрдө токтотуунун» шарттары бузулду деп айтууга эрте», — деди судья өз чечимин жарыялап жатып.

Маалыматка караганда, соттук процесс октябрь айында улантылат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here